30.08.2019 12:07

Курсан Асановдун издөө салынган уулу тууралуу 5 факты

Курсан Асановдун издөө салынган уулу тууралуу 5 факты

Башкы прокуратура 29-августта Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыялады. ИИМ жетекчисинин мурунку орун басарынын 22 жаштагы уулу Атамбаевдин үйүнөн алынган пакетти экс-президенттин тарапташтарына өткөрүп берүүгө көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Ал пакеттин ичинде эмне болгону көпчүлүккө - табышмак, бирок Башкы прокуратуранын божомолунда «тергөөгө керектүү далил буюмдар, документтер» бар болчу.

Сыртынан камакка алынып, издөө салынган Мухаммед-Али Асанов тууралуу 5 факты:

1. 2014-жылы Бишкекте жеке менчик «Илим» мектебин бүтүргөн.

2. 2016-жылы АКШнын Массачусетс штатындагы жогорку окуу жайга «Инвестиция тартуу жана дүйнөлүк экономика» багыты боюнча тапшырып, билим алган. 

3. 2018-жылы АКШда жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде алтын медаль уткан. 

4. 2019-жылы июлда Эл аралык мамилелер Москва мамлекеттик институна «Мамлекеттик башкаруу» программасы боюнча магистратурага тапшырып, өткөн.

5. Курсан Асановдун жалгыз уулу.